Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:48

Целлофан өндүрүшүн токтотуу сунушталууда


Кыргызстанда целлофан өндүрүшүнө тыюу салып, зыянсыз продукция чыгаруу сунушталып жатат. Бүгүн парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү боюнча комитетинин жыйынында «Кыргыз Республикасынын аймагында полиэтилен баштыктарын жана синтетикалык балык уулоочу торлорду импорттоого, ѳндүрүүгѳ жана сатууга тыюу салуу жѳнүндѳ» мыйзам добоору 1-окууда каралды.

Жогорку Кеңештин маалымат кызматынан кабарлашкандай, демилгечи депутат Эркингүл Иманкожоева целлофан баштыктарынын арзан жана ыңгайлуу болгону менен айлана-чөйрөнүн көркүн бузуп, экологияга зыян тийгизип жатканы дүйнөлүк көйгөйлөрдүн бирине айланганына токтолду.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда желим баштык өндүргөн 34 ишкана бар. Полиэтилен болжол менен 200 жылга чейин чирибей жер кыртышына, айлана-чөйрөгө зыян тийгизерин эксперттер аныктаган.

Жыйынтыгында мыйзам долбоорунун концепциясы кабыл алынып, Жогорку Кеңештин кароосуна сунушталды. Ошону менен катар ал боюнча коомдук талкуу өткөрүлмөй болду. (RK)

XS
SM
MD
LG