Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:46

АКШ Мамкатчысы Түндүк Кореяга кысымды күчөтүүгө чакырды


АКШ Мамлекеттик катчысы жана Түштүк Кореянын тышкы иштер министри. Сеул, 18-май, 2015-жыл.

АКШ Мамлекеттик катчысы жана Түштүк Кореянын тышкы иштер министри. Сеул, 18-май, 2015-жыл.

Жон Керри бул тууралуу бүгүн Түштүк Кореяда жүргөн жеринен билдирди.

Сеулда Түштүк Кореянын тышкы иштер министри Юн Бён Се (Yun Byung-Se) менен бирге өткөргөн басма сөз жыйында Пхеньян эл аралык коомчулуктун өзөктүк куралдан баш тартуу талабын аткарууга даярдыгын көргөзбөгөнүн белгилеп:

- Тескерисинче ал өзөктүк куралды жана баллистикалык ракетага жетүүнү көздөөдө. Убадаларын бузуп, коркутууларга өттү. Ага катар мурдагыдай эле эл аралык мыйзамдарды такыр көзгө илбөөнү, өз элинин укуктары жана фундаменталдык эркиндиктерин жээрүүн улантууда.

АКШ Мамлекеттик катчысы Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын чектен чыккан башкаруучулук ыкмасын да сынга алып, Пхеньянда чиновниктерди эл алдында жазалоонун өтө кооптуу жана коркунучтуу мисалдары бардыгын белгилеп өттү.

Түштүк Кореянын чалгын агенттиги өткөн аптада Түндүк Кореянын коргоо министри аскерий жыйында уктап калганы үчүн жазаланганын, такталбаган маалыматтар боюнча ал замбирек менен атып өлтүрүлгөнүн кабарлаган эле.

Жон Керри Түштүк Кореянын президенти Пак Кын Хе менен да жолугуп, Вашингтон менен Сеулдун аскерий альянсы азыр болуп көрбөгөндөй кубаттуу экенине токтолду. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG