Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:07

"Датка-Кемин" электр зымын тартуу ишинин 95% аяктады


Ушу тапта жогорку чыңалуудагы 405 чакырымдык "Датка-Кемин" зымын тартуу иши 95% аяктап калды. Бул тууралуу бүгүн “Кыргызстан улуттук электр станциялары” ишканасынын башкы директору Медетбек Айткулов Жогорку Кеңештин депутаттарына маалымат берип жатып билдирди. Анын айтымында, азыр тоо кыркаларын ашып өткөн эң татаал жерлер гана калды. Энергетиктер ишти толугу менен август айында аяктап, Эгемендик күнүнө карата пайдаланууга бергени жатат.

«Датка-Кемин» жогорку чыңалуудагы электр зымынын тартылышы жана “Кемин” көмөкчү электр чордонунун курулушу акыркы 20 жыл аралыгындагы эң ири инвестициялык долбоорлордун бири. Аны ишке ашыруу үчүн Кытайдын Экспорттук-импорттук банкынан 390 млн доллар жеңилдетилген насыя алынган.

​Жогорку Кеӊештин маалымат кызматынан кабарлашкандай, бүгүн Нарында парламенттин Эл аралык иштер боюнча комитетинин эки күндүк көчмө жыйыны башталды. Комитет төрагасы Каныбек Иманалиев аталган объекттер Кыргызстандын бүткүл түндүк аймагын электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кыларын, бул өлкөнүн энергетикалык коопсуздугу үчүн маанилүү экенин баса белгиледи. (RK)

XS
SM
MD
LG