Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:06

Ирак: өкмөт жана шийит кошуундары Рамадиге контрчабуул жасайт


Рамади шаарынан качкандар. 15-май, 2015-жыл.
Рамади шаарынан качкандар. 15-май, 2015-жыл.

Ирактын бийлиги кабарлагандай, Анбар провинциясынын борбору Рамади шаарын кайра ээлөө үчүн шийит кошуундары өкмөттүк күчтөргө кошулду жана алар бул шаардын жанындагы аскерий базага жетишти.

Борбор Багдаддан батышта, 100 чакырымдан ашуун алыстыкта жайгашкан Рамади шаарын “Ислам мамлекети” тобунун согушкерлери ушул дем алыш күндөрү басып алышкан эле.

Иран колдогон шийит кошуундары өткөн айда Тикрит шаарын “Ислам мамлекети” тобунан бошотууда чечүүчү роль ойногон. Бирок суннит мусулмандардын бул жерде шийиттерге көргөзгөн кордугу үчүн өч алганынан улам айыптоого да кабылышкан.

Премьер-министр Хайдар ал-Абади Анбардагы сунниттердин уруу башчылары жана АКШ шийит кошуундарын Рамадиге жайгаштырууну каалаган эмес. Бирок Анбардагы сунни лидерлери бүгүн билдиргендей, соңку күндөрдөгү окуялар өкмөт шийит кошуундарынын “Хашид ал-Шаби” тобунун жардамына муктаж экенин көргөзүүдө.(UE)

XS
SM
MD
LG