Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:19

Украин армиясы эки орус аскери колго түшкөнүн айтууда


Армиянын Башкы штабынын басма сөз өкүлү Владислав Селезневдун айтымында, эки орус аскери өлкө чыгышында жикчилдер арасында урушуп жүргөн жеринен кармалды.

Майдан тилкесине жакын жерден колго түшүрүлгөн жоокерлер буга чейин Украинанын коопсуздук кызматында сурак беришти, эми Киевде медиа өкүлдөргө да көргөзүлөт.

Буга чейин жарыяланган видеого караганда, туткундалган жоокерлердин бири суракта Орусиянын элиталык аскер бөлүгүнүн сержанты экенин айтып жатат.

Орусия Украинанын чыгышында козголоңчуларга жардам берген аскерлери бар деген ырастоолорду такай четке кагып келет. Бирок орусиялыктар Донецк менен Луганскта өз ыктыяры менен согушуп жүргөнүн четке какпайт. (UE)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG