Ошто коогалаңдан жабыр тарткандар үчүн курулган үйдү 42 адам мыйзамсыз алганы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн батир бөлүштүрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын Ошто өткөн отурумунда анын төрагасы, биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев билдирди.
- 2011-2012-жылдары батир алгандардын арасынан 42 киши коогалаңга эч кандай тиешеси жок болуп чыкты. Биз азыр ошону аныктап, Башкы прокуратурага өткөрүп бердик, - деди Сарпашев.
2010-жылдагы Июнь окуясында жапа чеккендер үчүн курулган үйлөрдү бөлүштүрүү боюнча мамлекеттик комиссия жалпысынан 633 жаранга үй берген. Азыр бериле элек дагы 594 батир бар. (ErN).