Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:49

Америка университети Эгембердиевдин элесине арнап акция өткөрүүдө


Борбор Азиядагы Америка университети бүгүнтөн тарта кыргызстандыктар арасында Табылды Эгембердиевдин элесине арналган флеш-моб уюштуруп жатат. Шоро суусунтуктарын саткан жерлерден каалоочулар "Шоро үчүн рахмат" деген жазууну кармап сүрөткө түшсө болот. Ал сүрөттөр Фейсбукка коюлат.

"Бул акция аркылуу биз Эгембердиевдин Кыргызстан үчүн жасаган эмгегине таазим этүүнү чечтик" дешет уюштуруучулар.

Социалдык тармактарда Табылды Эгембердиевге арналган башка да акциялар уюштурулуп жатат. Мисалы айрым колдонуучулар шоро саткан түйүндүн жанынан сүрөткө түшүп, аны Фейсбукка чыгарып, "жүрөктөн чыккан сөздөрдү арноого" чакырууда.

Белгилүү коомдук ишмер, “Шоро” компаниясынын негиздөөчүсү, айтылуу публицист Табылды Эгембердиев 16-майда узак оорудан кийин 64 жашында дүйнөдөн кайтты.

Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 19-майда Бишкектин четиндеги "Супара" комплексинде өтөт, ал Беш-Күңгөй айылынын көрүстөнүнө коюлат. (RK)

XS
SM
MD
LG