Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:01

Кордолгон эже-сиңди боюнча ишти акыйкатчы да көзөмөлдөйт


Бишкекте өгөй атасынан кордук көргөн деген 10 жана 6 жаштагы эже-сиңдинин окуясын акыйкатчы Бакыт Аманбаев да көзөмөлдөмөй болду. Бул тууралуу "Азаттыкка" жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров билдирди. Ал бүгүн акыйкатчынын кеңсесинин алдында пикет өткөрүп, кылмышкерди жазалоону, бул маселеге ички иштер министри Мелис Турганбаевдин көңүлүн бурдурууну талап кылган болчу.

14-май күнү социалдык коргоо кызматкерлери кыздарды өгөй атасы зордуктады деген шек менен Бишкек шаарындагы балдардын клиникалык тез жардам ооруканасына алып барган. Доктурлар зордуктоо болгонун тастыктаганы менен соттук-медициналык экспертиза ага макул болбой, кошумча экспертизага жөнөткөн.

Кыздардын энеси "Биринчисинде мен өзүм кармап алгам. Кызымдан сурасам ал үч жылдан бери күйөөмдүн зордуктоосуна кабылып жүргөнүн айтты. Милицияга арыз жазсам, Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмү аны чыгарып жиберди" деп айтып берген болчу.

Укук коргоочулар эми аны кармап, жазага тартуу кыйын болорун айтууда. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG