Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:32

Украин армиясы соңку атышууларда эки аскерин жоготту


Армиянын басма сөз өкүлү Андрей Лысенко билдиргендей, алар акыркы бир күн ичинде атышууларда эки аскерин жоготкондон тышкары төрт жоокер жаракат алды.

Ал эми украин армиясынын башкы штабынын өкүлү Владислав Селезновдун ырастоосунда, өлкө чыгышында жикчилер арасында урушуп жүргөн жеринен эки орус аскери кармалды.

Майдан тилкесине жакын жерден колго түшүрүлгөн жоокерлер буга чейин Украинанын коопсуздук кызматында сурак беришти, эми Киевде медиа өкүлдөргө да көргөзүлөт.

Буга чейин жарыяланган видеого караганда, колго түшкөн жоокерлердин бири суракта Орусиянын элиталык аскер бөлүгүнүн сержанты экенин айтып жатат.

Орусия Украинанын чыгышында козголоңчуларга жардам берген аскерлери бар деген ырастоолорду такай четке кагып келет. Расмий Москва мындай билдирүүнү бүгүн да жасады.

Бирок орус бийликтери Донецк менен Луганскта алардын өлкөсүнөн ыктыярчылар согушуп жүргөнүн жокко чыгарышпайт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG