Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:49

Колумбиядагы жер көчкү бүтүндөй бир кыштакты басып калды


Колумбиянын түндүк-батышындагы Антьокиа провинциясында жүргөн жер көчкүдөн 48 адам өлүп, 27 киши жарадар болду. Жер көчкү аймактагы Санта-Маргарита кыштагын тыптыйпыл жок кылды.

Акыркы күндөрү нөшөрлөп жааган жаандан улам Либориана дарыясы ташып, андан жүргөн сел Сальгар шаарын да каптаган.

Кырсык болгон жерде куткаруучулар иштеп жатат, аларга аскер кызматкерлери жардам берүүдө.

XS
SM
MD
LG