Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:00

Орусиянын Хоккей федерациясы атаандашын сыйлабаганы үчүн жазаланат


Канада-Орусия оюнундагы карикатура
Канада-Орусия оюнундагы карикатура

Орусиянын улуттук курамасы оюнда жеңишке жетишкен Канаданын улуттук гимни ойнолуп жаткан убакта музталаадан кетип калганы үчүн жазаланмакчы. Эл аралык хоккей федерациясынын башчысы Рене Фазель орусиялык хоккейчилердин кылганын атаандаштарын сыйлабастык деп атап, бул үчүн жоопкерчиликти команданын жетекчилигине жүктөдү. Фазель Александр Овечкин, Евгений Малкин, Виктор Тихонов жана Дмитрий Куликов музталаада калышканын жана башка оюнчуларды да кетпөөгө үгүттөгөнүн көргөнүн айтат.

17-майда Прагада хоккей боюнча дүйнө чемпионатынын финалдык беттешүүсү болгон. Орусиянын курамасы канадалык хоккейчилерге 1:6 эсебинде утулуп калган. Орусиянын хоккей федерациясынын президенти Владислав Третьяк орус оюнчулары Канаданын гимни ойнолуп жаткан учурда талаадан кетип калганын уюштуруучулардын катасынан улам болду деп билдирген.

Третьяк орус хоккейчилери канадалыктарды жеңиши менен куттуктап, алардын колун кысканын белгилөөдө. Ошентсе да Орусия курамасынын жетекчилиги бул окуя иликтенерин билдирди.

Кураманын маалымат катчысы Игорь Ларин “музталаадан кетүү –уюштуруучулардын жоопкерчилигинде болгон атайын жөрөлгө” деп айтты.

XS
SM
MD
LG