Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:01

Футбол: Кыргызстан Иорданияга 4:0 эсебинде утулду


2016-жылдагы Азия чемпиондугуна В тайпасындагы тандоо оюндарында Кыргызстандын олимпиадалык курамасы иорданиялык атаандаштарына утулду. Оюн Бириккен Араб Эмирлигинин Аль-Айн шаарында 18-май күнү болду. Беттеш 4:0 эсебинде аяктады.

Ал күнү кыргыз футболчулары “Шоро” компаниясынын жана “Шоро” футболдук клубунун негиздөөчүсү, Кыргызстандын футбол федерациясынын мурдагы мүчөсү Табылды Эгембердиев дүйнөдөн кайтканына байланыштуу оюн талаасына аза тасмасын тагынып чыгышты.

Ошол эле күнү В тайпасында Пакистандын 23 жашка чейинки курамасын Кувейт футболчулары 2:0 эсебинде утуп алышты. Буга чейин 16-майда Кыргызстан курамасы Кувейт менен 0:0 эсебинде тең ойногон. Ал эми иорданиялыктар пакистандык атаандаштарын 5:0 эсебинде жеңип алышкан эле.

Ошентип эки оюндан кийин 6 упай менен Иорданиянын 23 жашка чейинки олимпиадалык курамасы В тайпасында алдыда келүүдө. Бир тең чыгуу жана бир жеңиш менен төрт упай топтогон Кувейт экинчи катарда. Бир упай менен Кыргызстан үчүнчү сапта жайгашууда. 20-май күнү акыркы тандоо оюнунда Иордания менен Кувейт жана Кыргызстан менен Пакистан ойнойт.

Чемпиондукка катышуу үчүн Азия чөлкөмүнүн курамалары 10 тайпага бөлүнгөн. Тайпада биринчи орунду алган 10 команда жана эң жакшы көрсөткүчкө ээ болгон экинчи орундагы 5 командага 2016-жылы январда Катарда боло турган Азия чемпиондугунун финалдык таймашына жолдомо берилет. (ECh)

XS
SM
MD
LG