Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:30

Электр тармактар ишканасынын кызматкери пара алып жатып кармалды


Чүйдүн Панфилов районундагы электр тармактар ишканасынын кызматкери паракорлукка шектелип кармалды. Облустук ички иштер башкармалыгы билдиргендей, ал жергиликтүү тургундун электр эсептегичин алмаштыруу жана буга чейинки карызын жок кылуу максатында 35 миң сом сураган. Шектүү аталган сумманын 10 миңин алып жаткан учурда колго түшкөн. Окуя боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат. (SE)

XS
SM
MD
LG