Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги тарабынан Кытайдын он жаранына Кыргызстанда ишкерлик кылууга мыйзамсыз патент берилгени аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратура кабарлады.
Маалыматка ылайык, кытай жарандары 2014-жылы министрликке жасалма документ сунуштаган. Буга мекеменин кызматкерлери көз жуумп, алардын иштешине уруксат берип койгону билдирүүдө айтылат.
Бул фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин үч беренеси – Кызмат абалынан кыянат пайдалануу, Жасалма документ жасоо жана мыйзамсыз ишкердик боюнча кылмыш иши козголду. (SE)