Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:22

Токтонасыров ИИМдин жанында пикет өткөрүүдө


Бишкекте өгөй атасынан кордук көргөн деп айтылып жаткан 10 жана 6 жаштагы эже-сиңдинин окуясын териштирүүнү талап кылып активист Өндүрүш Токтонасыров Ички иштер министрлигинин алдында ушул тапта пикет өткөрүүдө. Ал “Кылмышкер жазалансын” жана “Зөөкүрдү кармап, коё берген Аламүдүн райондук милициясынын кызматкерлерине чара көрүлсүн” деген жазууларды көтөрүп алган.

Активист ушундай эле талап менен Омбудсмендин кеңсесинин алдында пикет өткөргөн.

14-май күнү социалдык коргоо кызматкерлери кыздарды өгөй атасы зордуктады деген шек менен Бишкек шаарындагы балдардын клиникалык тез жардам ооруканасына алып барган.

Кыздардын энеси "Биринчисинде мен өзүм кармап алгам. Милицияга арыз жазсам, Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмү аны чыгарып жиберди" деген эле. (SE)

XS
SM
MD
LG