Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:32

ЖК комитети ЕАЭБга кирүү документтерин ратификациялоону жактырды


Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитети Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кирүүсүн шарттаган мыйзам долбоорлорду жактырды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүнкү жыйында депутаттарга биримдикке кирүү маселелери боюнча Эконмоика министри Олег Панкратов баяндама жасады.

Жогорку Кеңеш шаршембидеги жалпы жыйынында Евразия экономикалык биримдигине кирүү боюнча документтерди ратификациялоо жараянын карайт. Ал эми документтер президенттин кароосуна июндун башында жөнөтүлөт.

Быйыл 8-майда Кыргызстандын аталган биримдикке кирүүсү боюнча соңку документтерге кол коюлган. Аны уюмга мүчө мамлекеттердин парламенттери да ратификациялагандан соң Бишкек ЕАЭБнын толук кандуу мүчөсү болот. (SE)

XS
SM
MD
LG