Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:14

Фархунда үчүн 11 тартип коргоочу кесилди


Ооганстанда сүрмө топтун Фархунданы өлтүрүшү боюнча 11 тартип коргоочу бир жылга кесилди. Ооган соту аларды Кабулдагы кылмыш ишти токтото алган эмес деп тапты. Дагы сегиз тартип коргоочу далил жоктон бошотулду. 19 полициячы менен катар 27 жаштагы Фархунда деген кыздын өлүмү боюнча 49 киши айыпталган. Кызды сүрмө топ тепкилеп сабап, машина менен тепсетип, денесин өрттөп, сууга салып жиберишкен. Ай башында төрт киши өлүм жазасына, сегизи 16 жылдан мөөнөткө кесилген эле. Фархунданы көз мончок саткандар менен талаштан кийин куранды өрттөгөн деп айыпташкандар өлтүрүшкөн. Анын өлүмү бүткүл Ооганстанда нааразылыкты жаратып, салтты бузуп, аялдар аны жерге берүү зыяпатына барышты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG