Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:41

Беларус менен Британияга жаңы элчилер дайындалат


Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитети Кыргызстандын Беларус жана Британиядагы элчилик кызматына талапкерлерди жактырды. Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, Беларуска Кубанычбек Өмүралиев, Британияга Гүлнара Искакованын талапкерлиги көрсөтүлгөн.

Кыргызстан аталган эки мамлекеттеги элчилерин 2012-жылы чакыртып алган. Буга мурдагы президент Курманбек Бакиев жана анын жакындарынын экстрадиция кылынбай жатканы себеп катары көрсөтүлгөн эле.

Кубанычбек Өмүралиев буга чейин Бириккен Араб Эмирлигинде, Гүлнара Искакова Швейцарияда элчи болуп иштеген. (SE)

XS
SM
MD
LG