Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:10

Рустам Маманов “Замандаштан” кетти


“Замандаш” партиясынын теңтөрагасы Рустам Маманов аталган партиядан чыкканын жарыялады. Буга партиялаштардын ортосундагы пикир келишпөөчүлүктөр себеп болгонун “Азаттыкка” билдирди.

18-май күнү да «Замандаштын» беш мүчөсү - Любовь Ардамина, Станислав Епифанцев, Григорий Зозуля, Александр Степанюк жана Галина Кетова да "башында макулдашылган шарттар аткарылбай жатканына" байланыштуу партиядан чыгышканын жарыялашкан. Алардын арасында ​Любовь Ардамина менен Станислав Епифанцев Бишкек шаардык кеңешинде депутат.

Партия жетекчилиги бул "Замандаштын" ишмердигине таасир этпей турганын билдирген.

Аталган партияны маркум Мухтар Өмүракунов чет элде иштеп жүргөн кыргызстандык мигранттардын укугун коргоо максатында негиздеген. (SE)

XS
SM
MD
LG