Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:28

Кыргыз-өзбек чегинде дагы куралдуу чатак чыкты


Баткен облусунун аймагындагы кыргыз-өзбек чегинде коңшу өлкөнүн чек арачылары Кыргызстандын эки жаранын курал менен жарадар кылды. Алдын ала маалыматка ылайык, 19-май күнү Кадамжайдын тургуну Өзбекстанды аралап өткөн транзиттик жол аркылуу Кызыл-Кыяга баратып, жолдон эки аялды алып алган. Эки тараптуу макулдашууга ылайык, аталган жолдо унаа токтотууга уруксат берилбейт. Бул тууралуу мамлекеттик Чек ара кызматынын басма сөз катчысы Гүлмира Бөрүбаева "Азаттыкка" билдирди.

-Кыргызстандык жаран аталган жолдо баратып, Фергана облусунун Каптархана конушуна караштуу аймакта токтоп, эки аялды унаасына отургузган. Өзбек чек арачылары аларга эскертүү берип, бирок айдоочу токтобой койгонуна байланыштуу ок чыгарган. Натыйжада эки киши – айдоочу жана салондогу бир аял жараат алган,- дейт Бөрүбаева.

Айдоочу унаасын Айдаркендеги “Айрыбас” чек ара пунктуна чейин айдап барып, ошол жерде аларга медициналык жардам көрсөтүлгөн. Учурда жараат алгандар Кызыл-Кыядагы ооруканада.

Машине ээси Кадамжай районунун Кара-Дөбө айылынын тургуну. Эки жүргүнчү Ноокат районунун жашоочулары.

Иликтөө жүрүп жатат. Мамлекеттик чек ара кызматынын өкүлдөрү өзбекстандык чек арачылар менен жолугушууну пландоодо. (SE)

XS
SM
MD
LG