Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:52

Отчет: Египетте сексуалдык зордук-зомбулук көз жаздымда калууда


Египетте коопсуздук күчтөрү сексуалдык зордукчулукка көп жол берип жаткандыгы айтылган отчет жарык көрдү. Эл аралык адам укуктары федерациясы бүгүн жарыялаган отчетто айтылгандай, Египетте сексуалдык зомбулуктун зордуктоо, кыздарды текшерүү, сексуалдуулукка негизделген каралоо сыяктуу формалары күч алган. Мындай зордукчулукка адатта бейөкмөт уюмдардын мүчөлөрү, демонстрацияга чыккан демонстранттар, аялдар, балдар жана кумсаларга окшогон «моралдык тартипке коркунуч келтирет» деп саналган адамдар туш болушат. Укук коргоочулар азыркы президен, мурда армия башчысы болгон Абдел Фаттах ал-Сиси исламчы президент Мохамед Мурсини 2013-жылы кулаткандан кийин адам укуктарынын абалы айрыкча начарлап кеткендигин айтып келишет.

XS
SM
MD
LG