Линктер

шейшемби, 28-март, 2017 Бишкек убактысы 16:31

Австрия борбору Вена шаарында эл аралык Eurovision ыр сынагынын 60-айлампасы 19-май күнү башталды. Биринчи жарым финалга катышкан 16 мамлекеттин ичинен он өлкөнүн - Албания, Армения, Орусия, Румыния, Венгрия, Эстония, Грекия, Грузия, Сербия жана Белгиянын ырчылары финалга чыкты. Молдова, Голландия, Финляндия, Македония, Беларус жана Дания өтпөй калды.

Европанын башка өлкөлөрүнүн катышуусундагы экинчи жарым финал 21-май күнү болот. Эки турдан өткөн ырчылар 23-майда финалда таймашка чыгышат. Чечүүчү турда жалпысынан 27 мамлекет ат салышат.

Быйылкы сынакка Европа чөлкөмүнөн сырткары Австралиядан Гай Себастян аттуу ырчы мырза да катышууда. Ал түз эле финалда ырдайт.

Европадагы букмекерлик кеңселер быйыл Швеция, Италия, Австралия жана Норвегиянын ырчыларын алдыңкы орунду алат деп божомолдоп жатышат.

Былтыр Данияда уюштурулган сынакта австриялык сакалчан кыз образындагы ырчы - Кончита Вурст жеңүүчү деп табылган. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG