Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:09

Өзбек чек арачыларынын огунан жабыркагандардын абалы туруктуу


Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасындагы Хушяр айылы
Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасындагы Хушяр айылы

Бул тууралуу Кызыл-Кыя шаардык ооруканасынан “Азаттыктын” кабарчысына билдиришти.

19-май күнү Кадамжайдын тургуну Өзбекстанды аралап өткөн транзиттик жол аркылуу Кызыл-Кыяга баратып, Кыргызстандын эки жаранын салып алган. Эки тараптуу макулдашууга ылайык, аталган жолдо унаа токтотууга уруксат берилбейт. Ошондон улам өзбекстандык чек арачылар аларга ок чыгарышканын Чек ара кызматынын басма сөз катчысы Гүлмира Бөрүбаева "Азаттыкка" билдирди.

Бул окуя боюнча сүйлөшүү үчүн Мамлекеттик чек ара кызматынын өкүлдөрү өзбекстандык чек арачылар менен жолугушары айтылган.

12-майда да Кыргызстандын бир жараны өзбек чек арачылардын колунан набыт кетип, бирөө жаракат алган. Маалыматка ылайык, кыргызстандык үч жаран «Мерседес-Бенц Гигант» жүк ташуучу унаасы менен токтоого уруксат берилбеген аймактан Өзбекстандан Кыргызстанга жер-жемиш алып өтүүгө аракет кылган. Өзбек тарап алар эскертүүгө баш ийбей койгон учурда чек арачылар курал колдонгонун билдирген.

Ок тийген бир киши Өзбекстандын Сох айылында кайтыш болгон, экинчи кыргызстандык коңшу өлкөнүн аскерлери тарабынан кармалып, үчүнчү жаран окуя болгон жерден Кыргызстандын аймагына качып кирген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG