Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:49

Өгөй атасынан зомбулук көрдү делген кыздарды коргоого чакырган акция болот


Ак үйдүн жанында укук коргоочулар флеш-моб өткөрүшмөкчү. Анда эки кыз менен алардын апасын табуу, аларды тиешелүү коргоо менен камсыздоо жана кыздарды ооруканага жаткыруу, эки кыздын ишин ИИМ алдындагы Башкы тергөө башкармалыгына өткөрүп берүү, кошумча дарыгерлер жана адистер менен кыздардын сексуалдык зомбулукка кабылганын аныктоочу комиссия түзүү, эки кыздын укугун коргоодо кайдыгерлик кылган жооптуу адамдарды, милиция кызматкерлерин жоопко тартуу талаптары коюлмакчы.

14-май күнү социалдык коргоо кызматынын өкүлдөрү Бишкек шаарындагы балдардын клиникалык тез жардам ооруканасына 10 жана 6 жаштагы эже-сиңдини өгөй атасы зордуктады деген шек менен алып барышкан. Догдурлардын текшерүүсүнөн кийин кыздардын жыныстык органдарына доо кеткени такталган. 17-май күнү аларды энеси ооруканадан дарыгерлерге эскертүүсүз алып кеткени кабарланган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG