Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:59

Караколдо жол оңдоодогу мыйзамсыз тендерлер аныкталды


Ысык-Көл облустук прокуратурасы Каракол шаарынын Пржевальск көчөсүн реконструкциялоо үчүн өткөрүлгөн тендерде шаардык мэрия бир катар мыйзам бузууларга жол бергенин аныктап чыкканын Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2013-жылы Пржевальск көчөсүнүн 361 метр жерин оңдоо үчүн тендер жарыяланып, ага Каракол шаардык мэриясына таандык болгон “Д” ачык акционердик коому жана “К.С.С” жоопкерчилиги чектелген уюму катышкан. “К.С.С” ЖЧКсы берген арызына кепилдик каражаты тууралуу маалыматты киргизбегендиктен, тендерге атаандаш катары катыша алмак эмес. Мындан сырткары шаардык мэрия “Д” ААКнын 70% акциясы өзүнө тиешелүү экенин билип туруп, аны жеңүүчү катары тапканы айтылат. Аталган ишкана менен 4,5 млн. сомдук келишим түзүлүп, бирок “Д” ААКсы кийин “К.С.С.” ЖЧКсы менен кайрадан 3 млн. 944 миң сомго келишим түзүп, ортодо 555 миң сомдун дайыны чыкпай калган.

Келишимге ылайык, жолду оңдоо мөөнөтү 2013-жылдын 5-августунан 3-октябрына чейин болгон. Бирок маалыматта Каракол шаардык мэриясынын жооптуу кызматкерлеринин кайдыгерлигинен улам ушул күнгө чейин жумуш кабыл алынбаганы айтылат.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталды.(ASa)

XS
SM
MD
LG