Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:21

Бүгүн Бишкекте чоң энелердин колунан жасалган буюмдардын жармаңкеси болот


Жармаңке борбор калаадагы Курманжан датканын эстелигинин жанында болот. Анда пенсия курагындагы апалардын колунан даярдалган түрдүү буюмдар, бөлмөдө өстүрүлүүчү гүлдөр жана башка майда-чүйдө нерселер сатылат. Иш-чараны улгайган адамдарга жардам берүүчү уюмдардын башын бириктирген эл аралык ADRA уюму өткөрүүдө. Уюштуруучулардын белгилөөсү боюнча бул иш-чара пенсионерлерге каржылык колдоо максатында жыл сайын өткөрүлүп келет.

Кыргызстанда орточо пенсия - 4600 сом.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG