Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:00

Жалал-Абад: былтыр 13 өспүрүм кыз күйөөгө берилген


Облус аймагында өткөн жылы 13 кыз 15-16 жашында турмушка чыкканы катталган. Бул тууралуу “Каниет” кризистик борборунун жетекчиси Мимоза Нуракова “Азаттыкка” билдирди.

- Бул бизге жардам сурап кайрылып, катталган гана маалыматтар. Бирок соңку учурда мындай окуялар көбөйүп, айрыкча динди катуу тутунган үй-бүлөлөрдө орун алууда,– дейт Нуракова.

Быйыл төрт айдын ичинде үч окуя катталган. Айрыкча кыздарын эрте күйөөгө берүү Сузак, Базар-Коргон жана Ала-Бука райондорунда көп кездешет.

Март айында Бишкекте өткөн аялдардын улуттук форумунда да кыздардын эрте турмушка чыгуусу боюнча маселе көтөрүлгөн. Анда укук коргоочулар, адистер бойдон алдырган учурлар дагы көбөйгөнүн белгилешкен. (RsK/КЕ)

XS
SM
MD
LG