Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:34

Кадыралиевдин “оң колу” делген Аманов эркиндикке чыгары айтылууда


Өзгөндөгү ишкерди опузалоого шектүү деген Абдисалам Аманов эркиндикке чыгары күтүлүүдө. Бул тууралуу “Азаттыкка” Амановдон жабырланды делген өзгөндүк ишкер Ильяс Келдибаев билдирди. Анын айтымында, ишти тергеп жаткан тергөөчү Амановдун күнөөсү аныкталган эмес деген жүйө менен үй камагына чыгарылышы мүмкүн экенин кабарлаган.

Аманов өзгөндүк ишкер Сактан Келдибаевдин үйүн карактоого катышкан деп шектелип камакка алынган эле. Ал Ош шаардык прокуратурасынын мурдагы кызматкери Канжар Кадыралиевдин жакын шериги деп айтылып келет. Кадыралиевге издөө жарыяланганда анын “оң колу” катары таанымал болгон Абдисалам Амановду да милиция издей баштаган. Январь айынын орто ченинде Аманов кармалып, тергөө абагына киргизилген. Сурак учурунда ал айыбын мойунуна алганын күч органдары кабарлашкан. Бирок туугандары “милиция уруп-сабап, күнөөнү мойнуна илип жатканын” айтып чыккан. (BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG