Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:12

Бишкекте “Кыргызстан демократиялык кыймылынын” 25 жылдыгына арналган илимий-практикалык жыйын өттү. Бул тууралуу кыймылдын ошол кездеги жаш тарыхчылар жамаатын уюштургандардын бири Тынчтыкбек Чоротегин кабарлады. Анын айтымында, коомдук жыйын 26-майда Т.Абдымомунов атындагы Кыргыз-драма театрында болот.

Мындан туура жыйырма жыл мурда, 25-26-майда Кыргыз ССРинде “Кыргызстан демократиялык кыймылынын” биринчи уюштуруу жыйыны өткөн. Аталган кыймыл СССР таркап кетердин алдында Кыргызстанда коммунисттик режимге ачык атаандашкан саясий күч болуп чыгып, өлкөдөгү демократиялык жараянды тездетүүдө орчундуу роль ойногон.

КДК ошол жылдары өлкөнүн коомдук-саясий турмушунда коммунисттик бийликке ачык атаандашкан реалдуу күчкө айланып, 1990-жылы Масалиев башында турган коммунисттик бийликтин кулашында маанилүү роль ойногон. КДКнын активисттери коммунисттик лидер А. Масалиевдин кетишин талап кылып, Өкмөт үйүнүн алдында тогуз күн ачкачылык жарыялашкан.

Кыргызстандын легендарлуу парламентинде 114 деп аталган радикал депутаттар тобу КДК менен тыгыз байланышта болуп, идеялык-программалык жактан үндөш, тилектеш болушкан. Акыры демократтык күчтөрдүн кысымы астында 1990-жылы 27-октябрда Кыргыз ССРнин Жогорку Кеңешинин сессиясында А. Масалиев президенттик жарышта жыдып, Аскар Акаев президент болуп шайланган. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG