Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:37

Пакистанда "эл бузар" имам 5 жылга кесилди


Синд провинциалдык ассамблеясынын мүчөлөрү автобуска жасалган чабуулда курман болгон шиит исмаилиттерди эскеришүүдө. Карачи. 14-май 2015.
Синд провинциалдык ассамблеясынын мүчөлөрү автобуска жасалган чабуулда курман болгон шиит исмаилиттерди эскеришүүдө. Карачи. 14-май 2015.

Пакистанда шиит азчылыктарын жек көрүүгө чакырган имам беш жылга эркинен ажыратылды. Мавлана Абубакар февралда Пенжаб провинциясынын Казур районунда камакка алынган болчу. Пакистандын Dawn гезитинин аты аталбаган булакка таянып жазышынча, быйыл шииттерди жек көрүүчүлүккө үндөгөн 21 адам соттолгон.

Акыркы эки жылдагы диний жаатташтык согушунда суннилердин кол салуусунан миңдей шиит өлгөн. Өткөн аптада Карачиде шиит зыяратчылар бараткан автобус аткыланып, 43 динзар жайран болгон.

Пакистандын 200 млн. чамалуу элинин 20% жакыны шииттер.

XS
SM
MD
LG