Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:52

“Бүтүн Кыргызстан” жана “Эмгек” партиялары биригет


21-майда “Эмгек” жана “Бүтүн Кыргызстан” партиялары биргелешкен курултайын өтөт. Бул тууралуу “Эмгек” партиясынан кабарлашты. Анда аталган эки партия өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүcү үчүн өз идеяларын бирге ишке ашырууну чечкени белгиленген. Маалыматка ылайык, мындан ары “Бүтүн Эмгек Кыргызстан” партиясы деп аталып, Адахан Мадумаров жана Аскар Салымбеков лидер катары кала беришет.

Буга чейин “Эмгек” менен “Өнүгүү” партиялары биригүү тууралуу сүйлөшүп жатканы айтылган. Ал эми “Бүтүн Кыргызстан” менен депутат Алтынбек Сулайманов түзгөн “Бир бол” былтыр күзүндө биригүү жараяны башталганы тууралуу биргелешкен билдирүү жасап, кийин сүйлөшүүлөр токтотулган. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG