Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:31

Ак үйдө Рамади шаарын ИМден бошотуу маселеси талкууланды


Качкын рамадиликтер Багдаддын четине жетишти. 19-май 2015

Качкын рамадиликтер Багдаддын четине жетишти. 19-май 2015

Президент Барак Обама Ак үйдө Ирак урууларын каруу-жарак менен камсыздоо жана аларды машыктырууну ыкчамдатуу маселесин талкуулады. "Арийне, сиздер билгендей, биздин максатыбыз “Ислам мамлекети” радикал тобун биротоло талкалоо. Ошондой эле аларды Рамадиден сүрүп чыгуу”, - деп билдирди 20-майда Ак үйдүн өкүлү Жош Эрнест.

Барак Обама Ирактын министрлер кеңешинин армияны чоңойтуу жана жергиликтүү урууларды тез машыктырып-куралдандыруу боюнча 19-майдагы чечимин колдоду. Ак үйдөгү кеңешмеге вице-президент Жо Байден, мамкатчы Жон Керри, коргоо министри Эш Картер, АКШнын Борбордук командачылыгын башчысы, генерал Ллойд Остин да катышты.

Конгрессмен-республикачылар халифатчылардын Рамади шаарын басып алуусуна байланыштуу Ак Үйдү катуу сындашууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG