Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:05

Парламент ЕАЭБ келишимдерин ратификациялады


Бүгүн Жогорку Кеңеш Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кирүүсү боюнча келишимдердин топтомун ратификациялады. Ага 98 депутаттын 96сы “макул” деп добуш берди. Муну спикер Асылбек Жээнбеков "тарыхый, тагдыр чечээр чечим" деп баалады.

- Ушул ратификация аркылуу элибиз жаңы экономикалык мүмкүнчүлүктөргө, ишкерлер эбегейсиз чоң рынокко жетишерине жол ачып жатабыз. Мунун натыйжасында Кыргызстандын ички инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү да кеңейет.

Эми президент кол койгон соң Евразия экономикалык комиссияга ратификация болгондугун кабарлап, нота жөнөтүлөт. Ушундай эле документ башка төрт өлкөдөн тең келиши керек.

Евразия экономикалык биримдигине биротоло кирүүсүнүн шарттарын караган соңку документтерге Москвада 8-майда кол койгон. Биримдикке кирген беш өлкө - Кыргызстан, Орусия, Беларус, Казакстан жана Армениянын парламенттери документтер топтомун ратификациялаган соң жеңилдиктер толук кандуу иштей баштайт. Өкмөт башчы Темир Сариевдин бүгүн парламент жыйынында айтканына караганда, документтерди Орусия, Казакстан жана Беларус карай баштады. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG