Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:10

Кечки ондон кийин алкоголдук ичимдиктерди сатууга тыюу салынат


Буга байланыштуу мыйзам долбоорду бүгүн Жогорку Кеңеш биринчи окууда кабыл алды. Ага ылайык, өлкө аймагында кечки саат ондон таңкы сегизге чейин алкоголдук ичимдиктерди сатууга тыюу салынат. Ошондой эле сыраны эки литрден көп пластик идиштерге куюп сатууга же жүгүртүүгө тыюу салуу сунушталууда.

Республикалык наркология борборунун маалыматы боюнча, өлкө боюнча аракечтикке берилген адамдардын расмий саны 40 миңге жакын. Алардын 4,5 миңге жакынын аялдар түзөт. (КЕ)

XS
SM
MD
LG