Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:32

ИМдин желдеттери байыркы Пальмирага киришти


Байыркы Палмира ИМдин ракета чабуулунан бир күндөн кийин. Сирия. 18-май 2015
Байыркы Палмира ИМдин ракета чабуулунан бир күндөн кийин. Сирия. 18-май 2015

Сириядагы “Ислам мамлекети” тобунун согушчандары байыркы Пальмира шаарынын үчтөн бирин басып алды. Алар 20-майдагы салгылашууда өкмөттүк күчтөрдү шаардын түндүк бөлүгүнөн тазалашканын Сириядагы адам укуктарын көзөмөлдөөчү уюм маалымдады. Биздин замандын 1-2 кылымдарында курулган шаар Сириянын батышын жана чыгышын бириктирген стратегиялык жолдогу Тадмур шаарына ныпталаш жайгашкан. Халифатчылар ЮНЕСКО дүйнөлүк маданий дөөлөт деп жарыялаган эзелки шаарды кыйратат деген кооптонуу күчтүү. Алар быйыл Иракта бир нече байыркы тарыхый жайды таш-талкан кылган.

XS
SM
MD
LG