Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:13

Москва Батыш менен эки жакка пайдалуу кызматташууга даяр


Cергей Лавров. Орусиянын Федерациялар кеңешинин жыйынында. 20-май 2015
Cергей Лавров. Орусиянын Федерациялар кеңешинин жыйынында. 20-май 2015

Мындай билдирүүнү Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров 20-майда Федералдык Кеңеште жасады. Ал өз сөзүндө АКШнын “Орусиядагы антиөкмөттүк күчтөрдү колдоо аракетин” өз ара алака үчүн “зыяндуу” деп, Москва Вашингтон өз буроолорун пайдаланып, “Киевдин жаңы аскердик шойкондорду жасоосуна жол бербейт” деген үмүттө экенин кошумчалады.

Москва-Батыш мамилеси Орусия былтыр мартта Крымды кошуп алгандан кийин катуу осолдоп кеткен.

Батыш Орусияны Чыгыш Украинадагы жикчилдерди каруу-жарак жана аскерий жактан колдоодо деп айыптаган. Москва андай кадамга барбадым деп танууда.

XS
SM
MD
LG