Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:09

Мектептердеги коопсуздук жана тартип тууралуу жыйын болот


Жыйын Билим берүү жана илим министрлиги менен Ички иштер министрлиги тарабынан биргелешип уюштурулууда. Анда үч маанилүү маселе каралат: мектепке барбаган балдар боюнча чогуу иш алып баруу, мамлекеттик экзамендер учурунда мектептердеги коопсуздукту жана тартипти камсыздоо маселеси жана окуучулардын жайкы эс алуусун уюштурууну жакшыртуу. Мындан тышкары, мектептердеги коомдук тартиптин абалы, окуучулар арасындагы суициддин көбөйүп жатканы тууралуу да сөз болмокчу.

Билим берүү жана илим министрлиги социалдык педагогдордун баяндамалары боюнча иликтөө жүргүзүп, Кыргызстандагы ар бир бешинчи бала өз жанын кыюуну көздөйт деген тыянак чыгарган. Ага ылайык, 2013-жылы 127 бала, өткөн 2014-жылы 106 бала өз өмүрүнө кол салган. Быйыл эки айдын ичинде эле өз жанын кыйып, каза тапкан өспүрүмдөрдүн саны жыйырмадан ашты.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG