Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:41

Ата мекендик согушта немис туткунунда болгон аскерлерге акчалай жардам берилет


Мурдагы совет аскерлеринин ичинен немистердин туткунунда болуп, бүгүнкү күнү жашап жаткан төрт миң кишинин ар бири 2,5 миң евродон жардам алышат. Мындай чечим Германиянын башкаруу коалициясы тарабынан кабыл алынганын Reuters агенттиги маалымдады. Ага ылайык, Германиянын социал-демократиялык партиясы менен христиан партияларынын альянсы мурдагы туткундарга компенсация төлөп берүүнү макулдашып, парламенттин комитетине жолдонгон. Бул тууралуу расмий эмес маалыматтар батыштагы бир катар маалымат агенттиктеринин колуна тийген.

“Немис толкуну” радиосу билдиргендей, Ата Мекендик согуш аяктагандан берки 70 жыл аралыгында мурдагы аскер туткундарынан болгону төрт миң гана киши калган. Ал эми согуш жылдары фашисттик Германия тарабынан туткундалган аскерлердин саны беш миллиондон ашкан.

Жеңиштин 70 жылдыгын майрамдоодо Германия федерациясынын президенти Йоахим Гаук нацисттердин туткунунда болгон советтик жарандар үчүн немистердин жоопкерчилиги бар экенин эскерткен.

XS
SM
MD
LG