Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:08

Климаттын өзгөрүшү улуттук коопсуздукка терс таасирин тийгизет


Бул тууралуу АКШ президенти Барак Обама Коннектикут штатында жээк күзөтү академиясынын бүтүрүүчүлөрүнүн алдында сүйлөп жатып билдирди. Анын айтуусунда, климаттын өзгөрүшүнөн дүйнөдө туруксуздук күчөп, чыр-чатак арбышы ыктымал.

Президенттин сөзү боюнча климаттын өзгөрүшү америкалык аскерлердин мекенин коргоосуна да таасирин тийгизет. Аба ырайынын өзгөрүүсүнөн улам болгон ар кандай кырсык америкалык аскерди куткаруучу жана гуманитардык операцияларга катышууга милдеттендирет. “Ал көйгөйдү жокко чыгаруу же аны чечүүдөн баш тартуу – улуттук коопсуздукка шек келтирип, биздин күчүбүздүн күжүрмөндүгүн жокко чыгарат” деди президент.

Обаманын сөзүнөн мурдараак Ак үй АКШ коргоо министрлиги климаттын өзгөрүүсүнөн улам күтүлүүчү кесепеттер менен күрөшүүгө жети миңдей аскер объектилери тартыларын маалымдаган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG