Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:32

Кыргызстандын футбол курамасы Пакистанга 3:1 эсебинде утулду


Кыргызстандын футбол боюнча олимпиадалык курамасы (U23) 2016-жылдагы Азия чемпиондугуна тандоо оюндарын жыйынтыкташты. 20-май күнү кечинде Бириккен Араб Эмирлигинин Аль-Айн шаарындагы “Al Qattara” стадионунда В тайпасындагы акыркы оюндар болуп өттү. Бул күнү кыргыз футболчулары Пакистан курамасы менен беттешип 3:1 эсебинде жеңилип калышты. Оюндагы алгачкы голду жарым коргоочу Авазбек Откеев 24-мүнөттө киргизип эсепти ачкан. 40-мүнөттө Пакистандын жарым коргоочусу Саддам Хусейн эсепти теңөөгө жетишти. Экинчи таймда Пакистан чабуулчусу Мансуур Хан эки голду атаандаш дарбазасына киргизип өз командасын алдыга чыгарды.

Буга чейин Кыргызстандын 23 жашка чейинки курамасы Кувейт футболчулары менен 0:0 эсебинде тең чыгышса, экинчи беттешинде иорданиялыктарга 4:0 эсебинде утулушкан. Ал эми Пакистан курамасы Иорданияга 5:0, Кувейт курамасына 2:0 эсебинде жеңилишкен.

Кыргызстан менен Пакистандын курамаларынын беттешинен сырткары бул күнү Иордания менен Кувейт курамалары беттешип 3:3 эсебинде тең чыгышты. 3 оюндун жыйынтыгында эки жеңиш бир тең чыгуу менен 7 упай топтогон Иорданиянын олимпиадалык курамасы В тайпасында биринчи орунду ээлеп, 2016-жылы январь айында Катарда боло турган Азия чемпиондугуна жолдомо алды. Азия өлкөлөрүнүн 23 жашка чейинки курамалары арасында Азия чемпиондугуна тандоо оюндары 10 тайпада өткөрүлүп буга чейин 9 тайпада жеңүүчүлөр аныкталган. 10 тайпада алгачкы орунду ээлеген 10 командага жана мыкты көрсөткүчтү камсыздаган экинчи орундагы 5 курамага Азия чемпиондугунун финалдык таймаштарына катышууга жолдомо берилет.(ECh)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG