Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:03

Жалал-Абадда мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн борбор ачылат


Борбор мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн саламаттык сактоо, жумуштуулук, билим берүү, маданият чөйрөсүндө реабилитациялык мүнөздөгү кызматтарды көрсөтөт. Ошондой эле юридикалык жана психологиялык жардам берилет.

- “Биздин долбоордун алкагында 128 бала жөндөмдүүлүктү жогорулатууга багытталган курстардан өтө алышат. Курстун катышуучуларында кайрадан квалификациядан өтүп, же чач тарач, кондитер, же тигүүчү өңдүү жаңы кесиптин ээси болуу мүмкүнчүлүгү болот. Мындан тышкары юристтин кеп-кеңештери мүмкүнчүлүгү чектелүү балдардын укуктары тууралуу көбүрөөк маалымат алууга жол ачат”, - деди долбоордун координатору Айчүрөк Азимканова.

Борбордун расмий ачылышы эртең, 22-майда Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында болот. Социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматы боюнча, учурда Кыргызстанда 26 миңден ашуун бала майып. Алардын эки миңден ашуунунда билим алууга мүмкүнчүлүгү жок. (КЕ)

XS
SM
MD
LG