Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:49

Чек арадан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган 9 киши кармалды


Чек ара кызматынын маалыматына ылайык, Баткен облусунун Канды аймагында чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылган Өзбекстандын беш жараны кармалды. Алардын жанында тиешелүү документтери болгон эмес жана алар бараткан жүк ташуучу автоунааны кароо маалында аткезчилик менен алып бараткан жүк табылган. Кармалгандар Кадамжай райондук ички иштер бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.

Ушул эле күнү Оштун Араван районуна караштуу Эсенбай аймагынан чек араны мыйзамсыз өткөнү жаткан документсиз үч өзбекстандык кармалды. Ал эми Баткендеги “Бордөбө-автодорожный” чек ара бекетинен башка бирөөнүн паспорту менен өтүүгө аракет кылган эки кыргызстандык, Тажикстандын бир жараны кармалган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG