Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:19

Конституциялык палатанын судьялары шайланды


Бүгүн Парламент Жогорку Соттун Конституциялык палатасына жаңы судьяларды шайлады. Президент тарабынан сунушталган Курмантай Абдиев менен Жедигер Саалаевдин талапкерлигин көпчүлүк эл өкүлдөрү колдоду.

Президентке аталган талапкерлерди Сотторду тандоо кеңеши сунуштаган. Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев 15-апрtлде алар менен аңгемелешип, Жогорку Кеңешке сунуштоо боюнча чечим кабыл алган.

Курмантай Абдиев Жогорку Кеңештин депутаты, ал эми Жедигер Саалаев өкмөттүк “Кыргыз туусу” гезитинин башкы редактору.(КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG