Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:03

Сариев: Кыргызстан Пакистан менен кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар


Пакистандын премьер-министри Наваз Шариф баштаган делегация бүгүн Кыргызстанга бир күндүк расмий сапар менен келди.

Алар менен премьер-министр Темир Сариев жолукту. Ал Пакистан менен кызматташтыкты кеңейтүүгө Кыргызстан кызыкдар экенин билдирди. “Өлкөлөр аралык тыгыз байланыш жана ишенимдүү өз ара кызматташуу эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүдө маанилүү ролду ойнойт. Кыргыз өкмөтү Пакистан менен келечектүү багыттар боюнча кызматташууну жана өз ара аракеттешүүнү чыңдоого жана кеңейтүүгө умтулат», – деди Сариев.

Өз кезегинде Наваз Шариф учурда Кыргызстан жана Пакистан өнүктүрүүгө муктаж болгон бир катар багыттар боюнча өнөктөштүккө ээ экендигин билдирди. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар ошондой эле соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү, маалыматтык технология, энергетика, айыл чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай, текстилдик өнөр-жай, туристтик индустрия жана билим берүү тармагындагы кызматташууну тереңдетүү маселелерин талкуулады. Бул тууралуу өкмөттүн маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашты. Ушул эле күнү Шарифти президент Алмазбек Атамбаев да кабыл алды.(КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG