Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:17

Прокурор Арпачиевге карата жазык иши сотко келип түштү


Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгынын баш чысы Кылычбек Арпачиевке карата жазык иши Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна келип түштү. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматы кабарлады.

УКМКнын маалыматына ылайык, Кылычбек Арпачиев март айында иш бөлмөсүндө 100 миң доллар пара алып жаткан жеринен колго түшкөн. Ал Биринчи Май райондук сотунун чечими менен эки айга тергөө абагына камалган.

УКМК өлкөнүн башкы тергөөчүсү Кылычбек Арпачиев кылмыш иштердин бирин жабуу үчүн жергиликтүү жеке ишкерден 200 миң доллар пара талап кылганы тууралуу маалымат түшүп, суралган паранын 100 миң долларын алып жаткан жеринен колго түшкөнүн кабарлаган болчу. (КE)

XS
SM
MD
LG