Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:37

Eurovision-2015: экинчи жарым финалдын мыктылары аныкталды


Eurovision сынагы Вена шаарындагы16 миң кишиге ылайыкталган шаардык аренада өтүп жатат. 21-май, 2015-жыл.
Eurovision сынагы Вена шаарындагы16 миң кишиге ылайыкталган шаардык аренада өтүп жатат. 21-май, 2015-жыл.

Австрия борбору Вена шаарында 21-май күнү Eurovision-2015 эл аралык ыр сынагынын экинчи жарым финалы аяктап, ага катышкан 17 мамлекеттин ырчыларынын ону финалга жолдомо алышты. Алар – Азербайжан, Польша, Швеция, Литва, Словения, Норвегия, Черногория, Кипр, Латвия жана Израил.

Ал эми Чехия, Ирландия, Исландия, Швейцария, Сан-Марино, Мальта жана Португалия өтпөй калды.

Быйыл 60-ирет уюштурулуп жаткан эл аралык ыр сынак 19-майда башталган. Биринчи жарым финалга катышкан 16 мамлекеттин ичинен да он өлкө финалга чыккан.

Чечүүчү ыр-таймаш 23-майда өтөт. Анда жалпысынан 27 мамлекеттин ырчылары ат салышып, бирөө жеңүүчү болот.

Eurovision эрежеси боюнча, Франция, Британия, Италия, Испания, Германия жана сынакты өткөрүп жаткан өлкөнүн ырчысы түз эле финалга чыгат. Быйыл алардын катарында Австралия да бар.

Европадагы букмекерлик кеңселер бул жылы Швеция, Италия, Австралия жана Норвегиянын ырчыларын алдыңкы орунду алат деп божомолдоп жатышат. Биринчи жарым финалдан соң орусиялык Полина Гагаринанын мүмкүнчүлүгү да жогору экени айтыла баштады.

Былтыр Данияда уюштурулган сынакта австриялык сакалчан кыз образындагы ырчы - Кончита Вурст жеңүүчү деп табылган. (SE)

XS
SM
MD
LG