Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:16

Быйыл төрт айда 42 бала өз жанын кыйган


Бул тууралуу “Азаттыкка” ИИМдин Өспүрүмдөр менен иштөө бөлүмүнүн башкы инспектору Рысбек Мүсүралиев билдирди. Анын айтымында, суицидге баргандардын 62 пайызын кыздар түзөт. Ага мектеп рекетчилиги, үйдөгү тарбия, чоңдордун балдарга жасаган мамилеси же аларга көңүл бурулбай калгандыгы, зомбулук себеп болушу ыктымал экени айтылат.

Билим берүү жана илим министрлиги социалдык педагогдордун баяндамалары боюнча иликтөө жүргүзүп, Кыргызстандагы ар бир бешинчи бала өз жанын кыюуну көздөйт деген тыянак чыгарды. Өткөн жылы бир жылда 106 бала өз жанын кыйган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG