Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:04

Кыргызстан Италиядагы ЭКСПО-2015 дүйнөлүк көргөзмөсүнө катышууда


Кыргызстан ушул тапта Италиянын Милан шаарында өтүп жаткан бүткүл дүйнөлүк ЭКСПО-2015 көргөзмөсүнө катышууда. Соода-өнөр жай палатасынын маалыматына караганда, биринчи күндөн тартып эле кыргыз экспозициялары элдин кызыгуусун жаратты.

“Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрү, тоо, жаратылышы тууралуу 3D mapping форматындагы фильм келген конокторду өлкө менен жакындан таанышууга шарт түзүлдү”, -деп жазылат маалыматта. Ошондой эле итальян, англис жана орус тилдеринде кенен маалымат интерактивдик үч экранга жайгаштырылган. Көргөзмө 31-октябрга чейин уланат.

Мындан мурдараак Кыргызстандын павильону жабык турганын, расмий ачылышына үлгүрбөй калганын айрым маалыматтар каражаттары жазышкан болчу.(КЕ)

XS
SM
MD
LG