Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:58

ИИМ: Мыйзамсыз берилген паспорттордун саны 40 миңдей


Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясынын жыйынында ИИМдин орун басары Калыкбек Сатыбалдиев билдирди. Анын айтымында, аты-жөнү, пин коду өзгөртүлгөн паспорттордун саны 40 миңге жеткен. Алардын 200дөн ашууну кармалып алынды. Фракция лидери Өмүрбек Текебаев көп мигранттар “кара тизменин” айынан акыркы учурда фамилиясын өзгөртүүгө аргасыз болуп жатканын белгилеп, турмуш-тиричиликтен ушул жолго барып жаткандарга жеңилдиктерди караштырууну сунуш кылды.

Буга чейин ИИМ Кыргызстанда 30 миң паспорт мыйзамсыз берилген деп, Мамлекеттик каттоо кызматы менен Социалдык фондду күнөөлөп чыккан. Буга байланыштуу 7 айда 21 кылмыш иши козголуп, 11 жаран жоопкерчиликке тартылды. Тогуз киши кармалып, алардын жетөө үй камагына чыгарылды.

Кыргызстанда буга чейин башка өлкөнүн жарандарына, мурда соттолгондорго жана криминалдык чөйрөнүн өкүлдөрүнө мыйзамсыз паспорт берүү фактылары катталган эле. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG