Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:36

Мамбеталиева: гейпропагандага байланыштуу мыйзам адам укуктарын бузат


Бул тууралуу “Азаттыкка” курган маегинде юстиция министри Жылдыз Мамбеталиева билдирди. Анын айтымында, аталган министрлик гейпропагандага каршы жана “чет элдик агенттер тууралуу” мыйзамга өз позициясын билдирип, бул адам укуктарына каршы келерин айткан сунуштаманы демилгечи депутаттарга берген.

- Мыйзам долбоорлор келгенде укуктук экспертиза менен катар укук коргоочу экспертиза да беребиз. Биз жарандын укуктары сакталбай калып жатат деп айтканбыз. Бирок бүгүнкү күндө өкмөт гана эмес депутаттар да мыйзамдын демилгечиси катары чыга алат. Ошондуктан бул алардын укугу. Аны чектей албайбыз. Министрликтин корутундусун эске алуу же албоо демилгечинин өз чечими.

Чет элдик агенттер тууралуу” мыйзам долбоорду Жогорку Кеңештеги “Ар-намыс” фракциясынын депутаттары Турсунбай Бакир уулу менен Нуркамил Мадалиев демилгелеген. Документте уюмду каржылоо сырттан болуп, алар саясий ишмердүүлүк менен алектенген учурда чет элдик агент катары таанылары каралган.

Ал эми былтыр күзүндө бирдей жыныстагы адамдардын сексуалдык жакын мамилесин жалпыга маалымдоо каражаттарында пропагандалоого тыюу салган мыйзам долбоорун биринчи окууда Жогорку Кеңеш кабыл алган. Анда гей-клубдарды ачуу, гей-жүрүштөрдү уюштуруу жана бир жыныстагы адамдардын сексуалдык мамилесин пропагандалоо үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган. Бул мыйзам долбоорго АКШнын Кыргызстандагы элчилиги жана бир нече укук коргоо уюмдары камтамачылыгын билдирген. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG